Биз социалдык тармакта

Кыргыз куткаруучулары Хатай шаарынан 8 адамдын сөөгүн чыгарышты

Түркиянын Хатай облусунун Антакья шаарында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан 8 адамдын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу куткаруучулар тобунун башчысы, полковник Алмаз Асанов билдирди.
Куткаруучулар шаардын 3 тилкесинде иш алып барып, атайын шаймандардын жардамында урандылар астынан адамдардын сөөктөрүн чыгарышкан.
"Кыргыз куткаруучулары тарабынан 8 жарандын сөөгү табылып, туугандарына тапшырылып берилди. 7-февралдан бери Кахраманмараш жана Хатай шаарларында кыргыз куткаруучулары тарабынан 198 адамдын сөөгү табылып, туугандарына тапшырылып берилди", - деди ал.
Анын билдиришинче, аймактагы турак үйлөрдүн дээрлик 60 пайызы толугу менен урап түшсө, калган көп кабаттуу үйлөр жашоого таптакыр мүмкүн эмес абалга келген. Ал эми турак үйлөр, соодо борбор, социалдык обьекттердин көбү 7-14 кабатка чейин.
Бүгүн Хатай облусуна барган кыргыз куткаруучуларынын издөө-куткаруу ишинин төртүнчү күнү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан