Кечээ, 9-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина теннис боюнча Индияда өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жуптугунда биринчи беттешин утту. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Анда кабарлангандай, Ксения Палкина британиялык Жейд Виндли менен жуптукта индиялык теннисчилер Рутужа Бхосали жана Ришика Сункараганы 2 сеттин жыйынтыгында утуп алды (6:2, 6:4).
Мелдештин чейрек финалында Палкина-Виндли жуптугу британиялык теннисчилер Жоселин Рае-Анна Смит жуптугуна каршы ойношот.
Ал эми жекеликте анын атаандашы грузиялык Оксана Калашникова болмокчу.