Кечээ, 20-февралдан тарта Бишкекте №19 автобус каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы ачылган автобус каттамы Ак-Ордо конушунан Кустанай көчөсүнө чейин барат. Анын узундугу 36,6 чакырымды түзөт.
Бул линияда 11 автобус бар. Кыймыл аралыгы - 10 мүнөт.