Египеттеги мелдеш: Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы алгачкы атаандаштарын жеңди

Спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтындагы маалыматта айтылат.

Белгилүү болгондой, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалында франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта германиялык Франци Рейделтти 11:0 эсебинде жеңди.

Александрия шаарында өтүп жаткан турнир 21-февралда башталган. Ал эми 25-февраль күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан