Египеттеги мелдеш: Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыкты

Спортчу Мээрим Жуманазарова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтындагы маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Жуманазарова болгариялык Юлиана Яневаны эки упай артыкчылыгы менен жеңип, чейрек финалга чыкты.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы да аталган мелдешти жеңиш менен баштаганы кабарланган болчу.

Александрия шаарында өтүп жаткан турнир 21-февралда башталган. Ал эми 25-февраль күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан