Бүгүн, 24-февралда Египеттин Александрия шаарында күрөш боюнча "Ibrahim Moustafa” эл аралык турниринин үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө.
Турнирге 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чейин жетип, анда америкалык Кайл Миракл аттуу балбан кыз менен кез келди.
Тыныбекова атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Былтыр АКШнын Коралвилл шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда Айсулуу Тыныбекова дал ушул балбан кызга 9:3 эсебинде жеңилип калган.