Египеттин Александрия шаарында күрөш боюнча "Ibrahim Moustafa” эл аралык турниринде Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Мелдештин финалдык беттешинде Тыныбекова кытайлык балбан айымды 3:2 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, 62 килограмм салмакта катышкан Тыныбекова Франция, АКШ, Украинанын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыккан.