Египетте өткөн эл аралык "Ibrahim Moustafa" рейтингдик мелдешинде кыргыз балбаны Алибек Осмонов килемде эс-учун жоготту.
Алибек Осмонов бул мелдешке эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан. Ал 1/8 финалда пуэрто-риколук балбан менен кез келген. Алибек Осмонов 7:1 эсебинде ишенимдүү алдыда келе жаткан. Бирок атаандашы чабуулга өтүүдө тизеси менен кыргыз балбанын башка тепкен. Жыйынтыгында Алибек Осмонов эс-учун жоготту.
Андан пайдаланган атаандашы 6 упай алууга жетишти. Алибек Осмонов эсине келип, күрөштү кайра улантты. Бирок жаракат алып калгандыгына байланыштуу 15:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.