"4:17де оюн токтоп". Түрк күйөрмандары футбол талаасына оюнчуктарды ыргытышты (фото)

Түркиянын "Бешикташ" жана "Анталяспор" футбол клубдарынын күйөрмандары өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн жабыркаган балдар үчүн футбол талаасына жумшак оюнчуктарды ыргытышты.

Командалар ортосундагы Түркиянын Суперлигасынын беттеши башталгандан туура 4 мүнөт 17 секунд өткөндө токтотулду. Себеби биринчи жер титирөө 6-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де болгон.

Оюнчуктарды талаага ыргытуу идеясын "Бешикташ" клубу көтөрүп чыккан. Кээ бир оюнчулар талаадан оюнчуктарды чогултууга жардам беришти.

"Бешикташ" клубунда ижарада жүргөн "Газиантеп" футболдук клубунун оюнчусу Александру Максим көзүнө жаш алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан