Египет: Эрназар Акматалиев менен Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль утту

Египетте өткөн эл аралык "Ibrahim Moustafa" рейтингдик мелдешинде кыргыз балбандары Эрназар Акматалиев менен Тайырбек Жумашбек уулу чемпион болушту.

Турнирге 61 килограмм салмакта катышкан Тайырбек Жумашбек уулу финалда украиналык балбан менен кез келип, аны 2:9 эсебинде жеңди. Ал эми Эрназар Акматалиев финалда америкалык Лукас Шиттум аттуу балбанды 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Ошондой эле 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге утту. Ал коло байге үчүн күрөштө армениялык балбанды 2:4 эсебинде жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан