Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу болду

Франциянын "ПСЖ" клубунун жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси ФИФАнын версиясы боюнча 2022-жылдын мыкты оюнчусу деп табылды.

Дүйшөмбү күнү Парижде ФИФАнын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Бул сыйлыкка Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе жана "Реалдын" чабуулчусу Карим Бензема да талапкер болушкан.

Жылдын мыкты машыктыруучусу болуп Аргентина курама командасынын башчысы Лионель Скалони, мыкты дарбазачы болуп Аргентина курамасынын дарбазачысы Эмилиано Мартинес табылды.

Муну менен Месси карьерасында үчүнчү жолу ФИФАнын "Жылдын мыкты оюнчусу" наамын жеңип алды. Буга чейин чабуулчу бул сыйлыкка 2009 жана 2019-жылдары татыктуу болгон.

Былтыр декабрда Месси Аргентина курама командасы менен Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, карьерасында биринчи жолу дүйнө чемпиону болгон. Чабуулчу дүйнө чемпионатынын мыкты оюнчусу деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан