Түндө Бишкекте Honda Fit менен Honda Stream сүзүшүп, эки адам каза болду (фото)

Түндө Бишкекте болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Тез жардам борборунун социалдык тармактагы бейрасмий баракчасында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкектеги Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Honda Fit менен Honda Stream сүзүшкөн. Кырсыктан Honda Stream унаасынын айдоочусу жеринде каза болуп, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада көз жумган.

Ошондой эле бул жол кырсыгынан 5 адам жаракат алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка жол эрежесин бузуу себеп болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп, жол кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан