Бишкектеги эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте 28-февралга караган түнү катталган эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайын айтты.

28-февраль күнү түнкү саат 00:30 чамасында 46 жаштагы айдоочу Р.С. Хонда-Стрим унаасы менен А.Токомбаев көчөсүндө батыш багытында баратып Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде 32 жаштагы Р уулу У. аттуу жарандын башкаруусунда Хонда-Фит унаасы менен кагылышкан. Натыйжада эки унаанын айдоочулары окуя болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Ал эми Хонда-Стрим унаасынын эки жүргүнчүсү (45 жаштагы М.Г., 15 жаштагы А.А.) жана Хонда-Фит унаасынын үч жүргүнчүсү (аты-жөндөрү такталууда) ар кандай оор жаракаттары менен шаардык ооруканага жеткирилген.

Учурда унаа каражаттары айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын кайгуул кызматы, жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан