UFC: Рафаэль Физиев атактуу мушкер менен беттешет

Кыргызстандан чыгып кеткенин айткан UFC мушкери Рафаэль Физиев атактуу америкалык мушкер Жастин Гэйтжи менен беттешет. Мындай маалымат UFC уюмунун расмий сайтында маалымдалды.

Эки мушкер "UFC 286" турниринин алкагында Лондондо беттешет.

"Мен дагы эле Рафаэль дос Аньос жана Жастин Гэйтжи сыяктуу легендалар менен беттешип жатканыма ишенбей жатам. Мен күн сайын UFC жөнүндө ойлонгону жигит менен мушташам. Бул эң сонун. Мен туура жолдомун. Мен ага чыныгы мастер-класс көрсөтүүгө даярмын", - деген Физиев.

Эске салсак, 29 жаштагы Физиев UFC уюмунда алты беттеште катары менен жеңишке жетишти. Акыркы беттешинде ал жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Рафаэль дос Аньосту жеңип алган.

Ал эми 33 жаштагы америкалык мушкер чемпиондук наам үчүн эки жолу беттешип, эки жолу тең ийгиликке жеткен эмес. Акыркы беттеште бразилиялык Чарльз Оливейрага утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2023-03-01 22:20:00
Саткынды жанчып салса экен, Жастин Гейтжиге ийгилик каалайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан