Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугун уткан Авазбек Аманбеков: “Дүйнө чемпиондугуна баруу үчүн каражаттарды өзүбүз таптык”

8-декабрда Түркиянын Анталия шаарында жыйынтыкталган кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган Авазбек Аманбеков SUPER.KG порталына чакан маек куруп берди.

- Авазбек, айтсаң мелдеш кандай деңгээлде өттү?

- Мелдеш жогорку деңгээлде болду. Дүйнө чемпиондугунда көптөгөн мамлекеттердин тандалма кикбоксчулары болду. Курамында 13 кишини камтыган Кыргызстан курама командасы үчүн да бул мелдеш ийгиликтүү болуп, байгелүү орундарды ээлеп кайттык.

- Сен чемпион аталдың. Беттештер кыйын болдубу?

- Мелдеште 57 килограмм салмакта кикбокстун “Kick light musical forms” бөлүгүндө рингге чыгып, жалпысынан 4 беттеш өткөрдүм. Финалга карай алгач кореялык кикбоксчуну, анан тажикстандык, польшалык кикбоксчуларды уттум. Финалда жергиликтүү кикбоксчу менен беттештим. Акыркы беттеш кыйын болду.

- Олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө мамлекеттен жетиштүү каражат бөлүнбөйт эмеспи. Айтсаң, бул мелдеште да каражат маселеси жаралдыбы?

- Мелдешке ар ким өз каражаттары менен барды. Мени ата-энем колдоп, каражат маселесин өз убагында чечип берди.

- Мелдешке чейин Авазбек Аманбеков деген ысым кикбокс сүйүүчүлөрүнө кеңири таанымал эмес эле. Эл аралык жана Кыргызстандын ичинде спорт жаатында жараткан жетишкендиктериңди, өзүңдүн спорт тармагындагы таржымалыңды айтып берсең...

- Мен 1991-жылы 16-апрелде Оштун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында төрөлгөм. 2008-жылы Кыргызстан курама командасына кабыл алынып, ошол эле жылы “Маралбек” спорттук клубунда машыгууну баштагам. Бүгүнкү күндө эсебимде бир катар жеңиштер бар. Эл аралык аренада 2011-жылы Дүйнө кубогунда 2-орунду ээлегем. Кыргызстандын чемпиондугун 4 ирет уткам.
Авазбек Аманбековдун Дүйнө чемпиондугунда беттештери 1
Авазбек Аманбековдун Дүйнө чемпиондугунда беттештери 2
Авазбек Аманбековдун Дүйнө чемпиондугунда беттештери 3
Авазбек Аманбековдун Дүйнө чемпиондугунда беттештери 4
Авазбек Аманбековдун Дүйнө чемпиондугунда беттештери 5
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bosmos7
2013-12-10 11:51:40
Азаматтар! Кыргыздын желегин ааламда желбиретиш чыныгы Кыргыздын жигиттерине таандык!
0
Shai
2013-12-10 13:31:10
Азамат дагы да жетишкендиктерди каалаймын. Эч качан Дуйно спортчуларынын катарында атын чыгып журо бер КЫргызстандын желегин желбирет. Кыргызстандагы жегичтерда бир жансыл болсо силерге да кобуроок конул бурулуп калаар.
0
Subaru9595
2013-12-10 14:21:21
Куттуктайм чын журоктон окуп суйундум абдан
0
mirbakg
2013-12-10 14:26:32
Азамтасын !!Кыргызстандын желеги сен барып катышкан мелдештердин баарында желбиресин !!ата энене рахмат барышына шарт тузуп бергени учун !! Тушунбойм ушундай мелдештерге барып тажрийба топтоп Анан олимпиадага барса жыйынтык болобу! Барып акча утуп келгенде законду тайанып чыгышат 30пайызы мамлекетке деп а мынантип кеткен чыгымды которгонго келгенде аларды издеп таппайсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан