Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы үчүнчү дивизиондун командалары арасындагы дүйнө чемпионатында алдыда келе жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 3-мартта кыргызстандыктар Ирандын курама командасы менен беттешип, 18:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.
Төрт турдун жыйынтыгы боюнча курама команда мүмкүн болгон 12 баллдан 12 баллга ээ болду. Ошентип, алар үчүнчү дивизиондун (Б группасы) командаларынын арасындагы дүйнөлүк чемпионатында алдыда келе жатат.
Белгилей кетсек, турнир ушул күндөрү Сараево шаарында (Босния жана Герцеговина) 6 команданын катышуусунда өтүүдө.