Биз социалдык тармакта

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн эл аралык турнирде алтын утту

Балбан Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн эл аралык турнирде алтын утту. Ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Маалымдалгандай, Dan Kolov - Nikola турниринин финалында Шаршенбеков Польшадан келген атаандашын 6:0 эсебинде утуп алды.

Балбан мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынаган. Ал буга чейин эки балбанды жеңип, жарым финалда ирандык балбанды 10:2 эсебинде утуп алган болчу.

Аталган мелдеште Акжол Махмудов да финалга жолдомо алган.

Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 2-мартта башталган. Ал эми 6-март күнү жыйынтыкталат.

Жоламан Шаршенбеков Болгарияда өткөн эл аралык турнирде алтын утту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat-123
2023-03-05 17:31:00
Азаматсың Жоламан, биз силер менен сыймыктанабыз
+2
udoqawje
2023-03-05 21:53:00
:) :)
0
udoqawje
2023-03-06 01:02:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан