Оштогу СИЗОдо шектүү жаран өз жанын кыюуга аракет кылды

Ош шаарында жайгашкан №5 тергөө изоляторунда шектүү жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.
Аталган жаран 2022-жылдын 10-декабрында убактылуу кармоочу жайдан №25 мекемеге которулган.
13-декабрда ал тергөө изоляторунун администрациясына "ачкачылык жарыяладым" деп жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган, анткени кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан физикалык күч колдонулганын айтып, жалпысынан ага коюлган айыптар негизсиз экендигин билдирген.
Акыркы убакка чейин ал бир нече жолу тамак ичүүгө макул болуп ачкачылыгын токтоткон. Кайрадан 17-февралда өзүнүн жазуу түрүндөгү арызында ал Ош сотунун өкүлдөрүнө ишенбегендиктен ачкачылык жарыялап жатканын билдирген.
2023-жылдын 2-март күнү саат 23:00 чамасында айпталуучу К.У.Ж. СИЗОнун камерасында өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны нөөмөтчү өз убагында байкап калып, ага керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен.
Учурда К.У.Ж. "суюк ачкачылык акциясын" улантууда. Тамактан баш тартуунун ар бир учуру боюнча актылар түзүлүп, анын кан басымы жана ден соолугунун абалы системалуу түрдө жана зарыл болгон учурда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан