Биз социалдык тармакта

“Манас” аэропортунда өзбекстандык жарандан бир килограмм алтын буюмдар табылды (фото)

“Манас” эл аралык аэропортунда Түркиядан келген өзбекстандык жарандан бир килограмм алтын буюмдар табылды. Бул тууралуу Бажы кызматы маалымдады.

2023-жылдын 23-февралында саат 03:00 чамасында Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен келген жүргүнчүлөр бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда Өзбекстандын эки жаранынан жалпы салмагы 1040 грамм болгон алтын буюмдары табылган.

Табылган алтын буюмдардын орточо базар баасы 4 миллион 264 миң 369 сомду түзгөн.

Мамлекетке жалпысынан 950 миң 614 сом зыян келтирилген.

Бул материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2023-03-07 11:57:00
Мен вообще тушунбойм айткылачы алтынгада ограничения барбы озу по закону?! Анан мамлекетке эмнеге млнго жакын зыян алып келди ?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан