"Террористтик топтун мүчөсү болгон". Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет өлкөлүк 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Орусиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган. Кармалган жаран жасалма паспорт алып, андан кийин Сириядагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК тарабынан М.И.М.нын Кыргызстандын аймагындагы шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан