Кыргызстандык дзюдочу, “Лондон-2012” Олимпиадасынын катышуучусу Юрий Краковецкий дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын рейтингинде 13-орунда турат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, ал 9-декабрда жаңыланган Рейтингде 100 килограммдан жогорку салмак категориясындагы дзюдочулардын катарында карамагындагы 812 упай менен 13-орунду ээледи.
9-декабрда жаңыланган Рейтингде кыргызстандык дзюдочулардын өз салмактарында рейтингде ээлеген ордулары:
Адилет Ботоканов – 66 упай, 114-орун (60 килограмм салмакта)
Ислам Баялинов – 258 упай, 49-орун (66 килограмм салмакта)
Азат Кубакаев – 78 упай, 109-орун (73 килограмм салмакта)
Евгений Слесаренко – 2 упай, 288-орун (81 килограмм салмакта)
Чынгыз Мамедов – 312 упай, 45-орун (90 килограмм салмакта)
Болот Токтогонов – 119 упай, 74-орун (100 килограмм салмакта)
Юрий Краковецкий – 812 упай, 13-орун (100 килограмм салмактан жогору)