Биз социалдык тармакта

Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялады

Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялады.
Ага ылайык, документтер 11-марттан тартып 28-март саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керек:
- арыз;
- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
- резюме;
- соттолбогондугу тууралуу маалымат;
- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо, аны ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалым каты.
Кененирээк маалымат алуу үчүн (0312) 62-05-09 номери аркылуу байланышууга же Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257 дарегине барууга болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан