"Чатырды жана 3-кабатты каптаган". Аксы аймактык ооруканасында өрт чыкты (видео)

Жалал-Абаддын Аксы аймактык ооруканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалымдалгандай, өрт имараттын 3-кабатын жана чатырын каптаган.

Оорукананын үчүнчү кабатта жандандыруу жана хирургия бөлүмү жайгашкан. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар иштеп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерде төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатканы айтылды. Бейтаптар жана кызматкерлер эвакуацияланууда.

"Чатырды жана 3-кабатты каптаган". Аксы аймактык ооруканасында өрт чыкты
"Чатырды жана 3-кабатты каптаган". Аксы аймактык ооруканасында өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан