Аксыдагы ооруканадан чыккан өрт: Имараттан 134 бейтап эвакуацияланды

Аксыдагы өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.

Акыркы маалымат боюнча оорулуулар башка бөлүмдөргө которулуп, бейтаптар эвакуацияланды. Ал эми кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок экени айтылды.

Жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Аксыдагы ооруканадан чыккан өрт: Имараттан 134 бейтап эвакуацияланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан