Бишкектен баңгизат жана курал-жарак кармаган милиция кызматкери кармалды

Бишкектен баңгизат жана курал-жарак кармаган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Министрликтин берген маалыматына караганда, Свердлов райондук ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери Чыгыш-5 кичи районунан Ленин РИИБинин кызматкерин кылтакка илишкен. Ал баңгизатты сатууга аракет жасаган жеринен колго түшкөн. Анын жанынан героин, атайын белгиленген 1100 доллар жана тапанча табылган.
Текшерүү учурунда кармалган адам 2008-жылы ИИМ Академиясын аяктап, 2013-жылдын август айында Ленин РИИБине кызматка киргени дайын болгон. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси көтөрүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ai4urowka
2013-12-10 13:41:43
и байкуш баягы еле кор оокаттын азабы да.
-1
mirbakg
2013-12-10 14:01:08
Болушбой койсо керек да !!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан