Чүй облусунун Чүй айылында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10-мартында К.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү Чүй айылынын Заречная жана Бурана көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Mazda 626 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз тарапка айдап качып кетишкен адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.