Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя ушул жылдын 14-мартында түнкү саат 21:45 чамасында Баткендин Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында орун алган. Анда белгисиз айдоочу өзүнүн белгисиз үлгүсүндөгү ак түстөгү унаасы менен 2017-жылы туулган А.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Натыйжада өспүрүм денесинен жаракат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

Бул окуянын бетин ачуу максатында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Баткен облусунун аймагына "Перехват" иш-чарасы киргизилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулуп коюлган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында изин жашырып жүргөн айдоочу колго түшүрүлгөн. Ал Кадамжай районунун 1953-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал өзүнүн Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаасын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен аныкталып кармалган.

Азыркы учурда айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, унаа убактылуу айып короого токтотулган. Учурда бул факты иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан