Балыкчы-Каракол жолунан 25 метр алыстыкта ​​жаш жигиттин жансыз денеси табылды (абайлаңыз сүрөт)

Балыкчы-Каракол унаа жолунун жээгинен белгисиз жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жансыз дене Өрнөк айылынын күн батыш тарабында, Балыкчы-Каракол унаа жолунан 25 метр алыстыктан табылган.

Белгилери: Бети сүйрү, оң жак ийининде тырык бар.

Кийиген кийими: Жеңи узун, "New Explorers" аттуу жазуусу бар футболка, кара түстөгү жеңи жок чыптама (безурковка) боз түстөгү спорттук шым жана таманы ак болгон кочкул түстөгү спорттук бут кийим.

Эгерде кимде ким жогорудагы жаран тууралуу маалыматы болсо 0709203087, 0999234034, же 102 кызматына кабарласаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан