Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралында өтүүчү жаштар арасындагы спорттун дзюдо түрү боюнча Азия чемпиондугуна Ош шаарынан Сагынбай уулу Баяман катышат. Аты аталган спортчу 52 килограммдык категорияда оюн көрсөтөт. Ал эми спорттук иш-чара 11-декабрдан 13-декабрга чейин болуп өтөт. Бул тууралуу “Мухамед Умар” спорт клубунан кабарлашты.