
Азамат Болгонбаев Чүй драма театрынын директорлугунан кетти. Анын ордуна Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп Жумакадыр Курмангалиев дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырды.

Ал эми Азамат Болгонбаев мындан мындан ары улуттук "Манас" театрында чыгармачылыгымды улантып, "Эл акыны Элмирбек" эл аралык коомдук фондун жетектей турганы белгилүү болду.
Болгонбаев Чүй облустук драма театрын 2021-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген.