Атактуу футболчу Деле Алли эсиңиздеби? Ал эми Түркияда дагы четке кагылды

Түркиянын "Бешикташ" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Шенол Гюнеш англиялык футболчу Деле Аллиге канааттанбаганы үчүн футболчуну сезондун аягына чейин негизги курамдан четтети. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, буга башкы машыктыруучуга англиялык футболчунун оюну жакпагандыгы себеп болгон. Эми Деле Алли "Бешикташтын" биринчи командасынын сезондун аягына чейин калган оюндарына киргизилбейт.

Сезондун аягында Деле Алли англиялык "Эвертон" клубуна кайтып келет. "Бешикташ" клубунда ал ижарада жүргөн.

Быйылкы сезондо 26 жаштагы жарым коргоочу Түркия чемпионатында 13 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан