“Кара-Кече” көмүр кенинде каза болгон үчүнчү жарандын аты-жөнү такталды. Ал 1960-жылы туулган Кызарт айылынын тургуну Самат Үсөнов болгон. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, бүгүн, 10-декабрда саат 05:00дөр чамасында “Кара-Кече” көмүр кенинде 2 көмүр ташуучу ЗИЛ урандынын астында калып, анын кесепетинен 3 адам каза болгон.