
Бишкекте алгачкы ирет таэквондо (GTF версиясы) боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ага ылайык, турнир 24-июлда башталып 31-июлга чейин уланат. Биринчиликке дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн командалар катышат.
"Жылдын ири турнири деп саналган бул чемпиондукка 1500дөн ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт департаментинин колдоосу менен уюштурулууда. Мындай ири масштабдагы турнир Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө зор салым кошот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда таэквондонун ITF, WTF жана GTF аталышындагы федерациялары бар. Бул федерациялардын аталыштарында гана эмес, оюн эрежесинде да айырмачылыктар бар.