Бишкек ШИИББинин жана КРнын Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол-кайгуул кызматтарынын биргеликте иш алып баруусунун негизинде Мерседес Е280 автоунаасынын айдоочусу кармалды.
Ал 2013-жылдын 6-декабрында Бишкектеги Осмонкул көчөсүндө мектеп окуучуларын жөө жүрүүчүлөр жүрүүчү жолдон өткөрбөй, катуу ылдамдыкта өтүп кеткен.
Кармалган И.Зяблевге карата административдик протокол түзүлүп, унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилди. Суракта айдоочу кылган күнөөсүн моюнуна алып, “Бул окуядан кийин жол эрежесин сактайм деп ойлоп калдым” деген.