Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мектеп директорлору 4 багытта окутуудан өтөт

Өлкөдө мектеп директорлору 4 багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-мартта билим берүү маселелери боюнча коллегияда билдирди.
Министрдин айтымында, өлкөдө 2 миң 500 мектеп директору бар. Алар 4 багытта окутуудан өтөт.
- Азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?
- Мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазуу керек?
- ЖРТда кантип жалпы деңгээлди көтөрүү керек?
- PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды күчөтүү.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын август айында кол койгон жарлыгына ылайык, мектеп директорлорун тандоо тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде тандалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан