“Урал элдеринин Спартакиадасы-2013” мелдешинде кыргыз диаспорасы 2-орунду ээледи

“Урал элдеринин Спартакиадасы-2013” мелдешинде кыргыз диаспорасы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматынан билдиришет. 

Маалыматка ылайык, Урал элдеринин күнүнүн 10 жылдыгына арналган мелдеш Орусиянын Екатеринбург шаарында болуп өттү. Командалар волейбол, стол үстүндөгү теннис, нарда,  футбол жана самбо боюнча таймашышты. Мелдешке “Кыргызстан-Урал” кыргыз диаспорасынан сырткары 12 улуттун өкүлдөрү катышты.

Мелдеште кыргыз диаспорасы волейбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча алдына ат салдырган жок. Ал эми нарда оюнунда жана самбодо аталган диаспоранын өкүлдөрү коло медаль тагынышты. Бул көрсөткүч менен алар жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан