Испаниянын 17 жаштагы ханбийкеси Леонор аскер кызматын өтөө чечимин кабыл алды. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ханбийке Леонор август айынан баштап аскер кызматын өтөй баштайт. Болочок ханышанын аскердик даярдыгы үч жылга созулат. "Бардык парламенттик монархиялардагыдай эле тактынын мураскери аскердик билимге ээ болушу керек", - дейт Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес.
Ханбийкенин биринчи жылы Сарагосадагы Жогорку Аскердик академиясында, экинчи жылы деңиз флотунун мектебинде өтөт. Ал эми кызматтын үчүнчү жылында тактынын мураскери Башкы аскер-аба күчтөрү академиясында окуйт.
Учурда ханбийке Леонор Улуу Британиядагы Атлантика колледжин бүтүрүп жатат. Ал 31-октябрда 18 жашка чыгат. “Акыркы жылдары биз армиядагы аялдардын санын көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Бир күнү аял киши кол башчы болот", - дейт коргоо министри.
Ханбийке Леонор 2005-жылы төрөлгөн жана испан монархиясынын мураскору катары биринчи орунда турат. Ал король Филипп VI менен ханыша Летициянын тун кызы.