Борбордук милиция кызматкерлери Казакстандын
жаранын бейбаштык менен тоногон иштин бетин ачышкан. Бул тууралуу бүгүн,
10-декбарда Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Александр Белунскас
билдирди. Анын айтымында, 11-ноябрда эртең менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам
күч колдонуу менен казакстандык Алмагүл Канырбекованын 2 уюлдук телефонун жана
5 миң сом акчасын тартып алган.
“Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү деп Нарын облусунда 1989-жылы туулган Асан уулу Улан, Бегимжан Искалалиева жана Төрөгелди кызы
Карлыгач кармалган. Канырбекованын
жолдошу (Түркиянын жараны) кармалгандардын бири мурда алардыкында үй кызматчы болуп
иштегенин айткан. Жеке таарынычынан улам өч алуу үчүн тоноону ойлоп тапкан. Азыркы
тапта иликтөө иштери жүрүүдө”,- деди Белунскас.