26-апрелде Алматы шаарында өтө турган "Поддубный лигасынын" алкагында кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков дагестандык Динислам Бамматов менен күрөшөт.
Эки балбан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмак ченинде кез келишет.
Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта "Поддубный лигасынын" учурдагы чемпиону.
Динислам Бамматов 2021-жылы жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле ал февраль айында өткөн Орусия чемпиондугунда жеңүүчү болгон.
Белгилей кетсек, ушул эле турнирде атактуу орусиялык балбан Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Акжол Махмудов кез келет.
Мындан тышкары, кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу орусиялык балбан Абасгаджи Магомедов менен күрөшөт.