Бакыт Букаевдин өлүмү боюнча айтпай турган да нерселер бар. Эгер сот айтканга макулдугун берип ачыктайм десе, ал өз эрки. Аны айтуу моралдык жактан алып караганда туура эмес болуп калат. Бул туурасында бүгүн, 10-декабрда маалымат жыйыны учурунда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.
Ал эми Бишкек ШИИББнин Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрнис Үркүнов Бакыт Букаевдин өлүмү боюнча буларга токтолду.
“Менин кесиптешим Александр Белунскас да айтып кетпедиби, бул Букаевдин өздүк жашоосу. Ушуну туура түшүнүңүздөр. Коомго айтылбай турган жагдайлар да бар. Азыр тергөө жүрүп жатат. Биз аны айтканга укугубуз жок. Анын үй-бүлөсү, достору бар. Эми ошону сот айтыш керек десе, айтылсын. Анын өзүңүздөр туура түшүнүп турасыздар, эмне экенин”,- деди.