Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы болду

Өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп табылды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.
Маалыматка ылайык, Сыдыгалиеваны ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы деп жарыялаган.
Белгилей кетсек, Анара Сыдыгалиева Кыргыз өлкөсүнүн эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин апасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан