Кыргызстан-Мьянма 1:1. Александр Крестинин нааразычылыгын билдирди

Индияда өтүп жаткан Достук Кубогунун алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы буга чейин ири эсепте жеңип келген Мьянма менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюндан кийин берген маегинде "Ак Шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бул оюндун жыйынтыгына нааразы экенин билдирди.

"Биздин курама команданы колдоп, жакшы көргөн күйөрмандарга ыраазычылык билдиргим келет.

Ооба, Мьянма менен болгон акыркы беттештин жыйынтыгына нааразыбыз. Биз абдан начар сапаттагы беттеш өткөрдүк. Бирок учурда муун алмашып жатканын айткым келет. Биз сабыр кылып, командага убакыт беришибиз керек.

Улуттук курамага чакырылган оюнчулардын перспективасы чоң. Биз аларга таянабыз. Бул келечектеги курама команда.

Эми эмне үчүн оюн болбой калганын, кандай кемчиликтерибиз бар экенин тактап жатабыз. Индия менен болгон оюнга жакшыраак даярданабыз, бирок буга убакыт талап кылынат", - деди Крестинин.

Индияга каршы оюнун "Ак Шумкарлар" эртең, 28-мартта өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан