Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык кыз ала качуу боюнча 4 адам кармалган. Маалыматка ылайык, 21-ноябрда милицияга 20 жаштагы Ак-Бешим айылынын тургуну кайрылган. Аны саат 13:30дар чамасында Токмок шаарындагы Гагарин көчөсүндө белгисиз адамдар Ауди-100 унаасында келип машинеге күч менен салып кетишкен. Бир нече чакырым жол жүргөндөн кийин кызды түшүрүп, качып кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө 23-24 жаштардагы 4 бала кармалган. Иликтөө иштери жүрүүдө.