Тарыхта биринчи жолу "Челси" футболдук клубу стадиондо ооз ачуу кылды

Лондондук "Челси" футболдук клубу өздөрүнүн "Стэмфорд Бридж" стадионунда ооз ачар өткөрдү. Бул окуя Англия Премьер-Лигасынын стадионунда биринчи жолу болуп жатканын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ооз ачуу Ramadan Tent Project долбоору менен биргеликте уюштурулган. "Челси" клубунун өкүлдөрү ар бир күйөрманды сыйлай тургандыгын, ооз ачар уюштурган биринчи Премьер-Лига клубу болуу менен өзгөчө сыймыктанып жаткандыктарын билдиришкен.

Ооз ачууга жүздөгөн адам келген. Иш-чарада "Челсинин" тарыхындагы биринчи кара терилүү оюнчу Пол Кановил дагы сөз сүйлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан