"Жакшыраак ойнойбуз". Бүгүн "Ак Шумкарлар" Индия менен ойнойт

Бүгүн, 28-мартта Индияда өтүп жаткан Достук Кубогунун алкагында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы талаа ээлери Индияга каршы ойнойт.

Оюн Индиянын Импхал шаарында өтөт. Старттык ышкырык Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да жаңырат.

Бүгүнкү оюнда "Ак Шумкарлар" Мьянмага каршы оюнга караганда жакшыраак оюн өткөрөрүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин билдирди.

"Биз оюндун даярдык планына өзгөртүүлөрдү киргиздик. Бүгүн Мьянма курамасы менен болгон акыркы оюнга караганда жакшыраак ойнойбуз деп ишенем", - деди Крестинин.

Эске салсак, 25-мартта ушул эле Кубоктун алкагында Кыргыз курамасы Мьянма менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыккан. Буга башкы машыктыруучу Александр Крестинин нааразы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2023-03-28 19:29:00
1:0 жеңилип жатат жакшы ойногула эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан