UFC уюмунун америкалык мушкери Жастин Гэйтжи социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аны жапа-тырмак колдогон кыргызстандыктар тууралуу билдирүү жасады.
"Колдооңуздар үчүн рахмат!", - деп кыска билдирүү жазып, Кыргызстандын желегин койду Жастин Гэйтжи.
19-мартка караган түнү Лондон шаарында "UFC 286" турнири болуп өткөн. Анда Жастин Гэйтжи менен Кыргызстандан кеткенин айткан Рафаэль Физиев кез келген.
Бул беттештин алдында кыргызстандыктар америкалык мушкерди социалдык тармактан колдоого алышкан. Беттеште калыстардын чечими менен Жастин Гэйтжи жеңишке жеткен.
Көпчүлүк кыргызстандыктар ага Жаасын, Кенжебек сыяктуу кыргыз ысымдарын коюшкан.