Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тестирлөө онлайн форматта жүрөт. Каттоо 7-апрелге чейин созулат.

"11-классты аяктап жаткандар өз мектептеринен эле катталат, өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү – райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, негизги жана ар бир предметтик тесттин баасы быйыл 100 сомго көтөрүлүп, 470 сомду түзөт.

Ал эми тестирлөөнүн өзү 19-майдан 24-майга чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан