“Карышкыр” каймана атка ээ Мурсалым Умырзаковдун балдары “бир катар Кытай Эл Республикасынын жарандарын тоноду” деп шектелип кармалышты. Бул туурасында бүгүн, 10-декабрда Бишкек ШИИББнин башчысынын орун басары Александр Белунскас маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын сентябрь айынан бери Кытай жарандары тонолуп келген. Бирок алар күч органдарына кайрылуудан коркушкан. Учурда “Кытай жарандарына кол салуу” боюнча 11 кылмыш иши бар. Кылмышка шектүүлөр аларды коркутуп, жанындагы баалуу буюмдарын жана акчаларын тартып алып турушкан.
Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип Т.Иманкулов, А.Жакшылыков жана Д.Садыковдор кармалышкан. Аларды текшерүү учурунда биринен Кытай жаранынын паспорту жана эки тапанча табылган.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.