Ырчы Роза Шакирова жолдошуна арнап чыгарма жаздырды

Ырчы Роза Шакирова жолдошуна арнап "Мага керексиң" аттуу чыгарма жаздырды. Бул тууралуу ырчы айым SUPER.KG сайтына билдирди.

"Жолдошума арнап "Мага керексиң" аталышындагы чыгарманы жаздырдым. Ыр даяр, бирок клип тарттырайын десем, толуп кетиптирмин. Апрель ичи арыктап, майда клип тарталы деп жатабыз. Клипке үй-бүлөбүз тартылбайт, атайын каармандар тандалып алынат", - дейт ал.

Эске салсак, Роза Шакированын репертуарында "Үйлөнүү той", "Апаке", "Ашыгым", "Карабачы", "Өмүр", "Таппай жүрөм", "Кызганыч" аталышындагы ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан