Кыргызстандык жаш спортчулар дзюдо боюнча Азия кубогуна катышат. Бул туурасында Кыргызстандын дзюдо федерациясы кабарлайт.
Маалымдалгандай, мелдеш 7-9-апрель күндөрү Алматыдагы Балуан Шолак атындагы спорт сарайында өтөт. Анда өлкө намысын 101 спортчу (75 бала жана 26 кыз) коргойт.
Эскерте кетсек, аталган турнир быйыл алтынчы ирет өтүп жатат. Бул ирет ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Монголия, Гонконг, Түркмөнстан, Греция, Грузия жана АКШдан 400дөн ашуун дзюдочу катышары пландалууда.
IJF эрежесине ылайык, рейтингдик упайлар Азия кубогунун жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине берилет.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө 100 упай, күмүш медалдын ээсине 60, коло медалдын ээсине 40 упай ыйгарылат.